Бүгүн, 24-ноябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйында социалдык коргоо боюнча токтомдордун аткарылышы жөнүндө маалыматтар угулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, облус башчынын аппаратынын сектор башчысы Абдыкайым Кангелдиев социалдык коргоо боюнча токтомдордун аткарылышы жөнүндө баяндама жасап, райондордогу бир катар кемчиликтерге токтолду. Өкүл Сооронбай Жээнбеков кемчиликтерди жоюу керектигин айтып, Өзгөн шаарынын Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү каражаттар башка адамдардын колдоруна тийип жатканына нааразы болду. “Медициналык мекемелерде кургак учук жана башка оор оорулар менен ооруган жарандардын тизмеси бар. Бирок сиздер алардын бирине да акчалай жардам бербей, өз алдыңыздарча тизме түзүп каражат бөлүптүрсүздөр. Мамлекеттин жетим-жесирге, оорулууларга бөлгөн акчасын өз дарегине жеткирбесеңиздер эмне кылып отурасыздар?”- деди С.Жээнбеков.
Ошондой эле С.Жээнбеков Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын башка мамлекеттик органга кошуу сунушун иштеп чыгууну район акими А.Тажибаевге тапшырды. “Кара-Суу районунда 400 миңдин тегерегинде калк жашайт. Бирок Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы деген структура жок, Ноокат шаарында да жок. Ошондуктан бул кызматты жоюу менен эч нерсе артка кетпейт”,- деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.
Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы төмөнкү 4 багытты камтыйт:
1. Оор абалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан коргоо;
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо;
3. Улгайган жарандарды социалдык коргоо;
4. Опурталдуу топторду социалдык коргоо.
2014-жылдын 1-ноябрына карата балдары бар үй-бүлөлөрдүн аз камсыздыгы боюнча жөлөк пулдун суммасы 650 сомду түзөт. Азыркы мезгилде райондордун калкынын санына жараша социалдык өнүгүү башкармалыктарында 56дан 65ке чейин кызматкерлер эмгектенишет.