КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен эртең, 25-ноябрда жер титирөөдөн жабыр тарткан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Анда жалпысынан 3 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн курулуш материалдары, азык-түлүктөр жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Ош облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.