Жарандык коргонуу комиссияларынын жетекчилери окуудан өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, райондун карамагындагы шаарлардын Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагаларына Жарандык коргонуу адистерин даярдоо борборунун жетекчиси бекиткен жүгүртмөсү боюнча практикалык бышыктоолор менен лекциялар окулуп, өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңири маалымат берилди.
Окуу процессинин аягында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары, полковник Ахмат Амиршаев өтүлгөн окуу боюнча кыскача суроо-жооп иретинде окууну жыйынтыктап, борбордун атынан катышкан угуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылыктарды билдирип, сертификат тапшырды.