Ош шаарындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда тарых кафедрасы тарабынан “Кыргызстандагы тарыхый илим берүү: Кечээ. Бүгүн. Эртең” деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Тегерек столго окуу жайдын окутуучуларынан сырткары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Б.Көкөнов, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун тарых кафедрасынын башчысы жана атайын баяндама даярдаган студенттер катышты. Талкууда эгемендүүлүк мезгилиндеги билим берүү жаатындагы реформалар, мектептердеги тарыхый билим берүүдөгү айрым маселелер, тарыхый билим берүүдөгү инновациялык усулдар жөнүндө сөз болуп, алардын күнгөй жана тескейи кенен талкууланды. “Совет мезгилинде 1-класстан 10-класска чейин Кыргызстандын мектеп окуучулары 17 сабак боюнча билим алышса, ал эми азыркы учурда 24кө жеткен. Бир топ студент тарых адистигин аяктап, диплом алганы менен, өз адистиги боюнча жумушка барбаганы азыркы учурда көйгөй болуп саналат”,- дешет уюштуруучулар.