Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата шаардагы мектептерде бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жардамга муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга майрамдык маанай тартуулоо максатында моралдык жана материалдык жактан жардам берүү каралган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар акысыз медициналык кароолордон өткөрүлүп, маданий иш-чараларга катышат. Мектептер тарабынан кайрымдуулук акциялары уюштурулуп, “Мээрим” чыгармачылык борбору концерттик программа тартуулайт. Аны менен катар эле мектеп окуучулары жалгыз жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйүнө барып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт. Аталган иш-чаралар Ош шаарында 2014-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин жарыяланган “Биз биргебиз” аттуу бир айлыктын алкагында өткөрүлөт.