Кыргызстанда биринчи жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган мультфильм көрсөтүлдү

Борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде алгачкы жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган "Кот Гром и заколдованный дом" аттуу мультфильм көрсөтүлдү. "Көрчү, кандай угулуп жатат?" аталышындагы иш-чара шаардагы угуусу начар балдар интернатынын тарбиялануучулары үчүн уюштурулган. 

250дөн ашуун бала мультфильмди көрүү менен чектелбестен, уюштуруучулар тарабынан даярдалган оюн-зоок программаларына да катышты. Долбоордун демилгечилери мындан ары иш-чараны өлкө аймагында уюштурууну пландашууда. 

Кыргызстандагы социалдык программанын уюштуруучуларынын бири Алмазбек Мамырбаев жакынкы күндөрдө балдар үчүн дагы бир нече мультфильм көрсөтүлүп, кийинки жылы дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган 5 мультфильмдин бет ачары болорун айтты. "Көрчү, кандай угулуп жатат?" деген программаны колдогондор видеону берип жатышат, биз аларга угуусу начар балдарга ыңгайлуу кылып беребиз",- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан