Транспорт жана коммуникация министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош жолунда жүрчү айдоочуларды убактылуу сапарга чыкпай турууга же камдуу болууга чакырды. "Унаа тыгындарынын жаралбашы үчүн аталган трассада жүрүүчү автоунааларда кышкы дөңгөлөк жана муздан тайдырбоочу чынжыр болушу зарыл. Айдоочулар 500 метр аралыкты сактоого тийиш",- деп билдирет министрлик.
Бишкек-Ош жолунун 90-198-чакырымында кардын тынымсыз жаап жатканы, чоң кар күрткүлөрү пайда болгону айтылды. Трассанын эң кооптуу делген аймактары: 125-129 жана 215-230-чакырымдары. Жолдун аталган бөлүктөрүндө атайын техникалар иштеп жатат.