Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 749 миллион метр кубду түзүүдө

25-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 749 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 28,32 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 177 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 199 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 626 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 604 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 25-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 996 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан