Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунда окуучулардын арасында ВИЧ-СПИД илдетинин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча өткөн сынакта шаардагы №40-мектептин окуучулары жеңүүчү болушту. Сынак эки этап менен өтүп, биринчисинде окуучулар өз колдору менен даярдаган, сергек жашоого үндөгөн дубал гезиттерин көрсөтүштү. Кийинки этабында аталган эпидемиянын биздин коомго кандайча келип калгандыгын, оорунун кесепеттерин жана андан коргонууну камтыган видеотүрмөктөрдү көрсөтүштү. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынак облустук деңгээлде өтүп, анда шаардык, райондук мектептерден келген окуучулар ат салышты. Окуучулардын эмгегине калаадагы Наркодиспансердик борбордун башчысы Мария Орозкулова, СПИД борборунун жана мэриянын өкүлдөрү калыстык кылышты. 1-орунду ээлеген окуучуга ноутбук берилди. Бул сынак Ош шаарында ВИЧ-СПИД кырдаалына жана жаңы учурларынын катталышына байланыштуу шаардык мэриянын аталган илдеттин алдын алуу жана билим берүү мекемелерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн коюлган тапшырмасын аткаруу максатында болуп өттү.