31-январда саат 20:00дө Талас шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматына “Талас Айылкөмөк” базары өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке жетип барышканда базардагы эки контейнер күйүп жаткан. Тилсиз жоо башка контейнерлерге өтө электе саат 21:10до өчүрүлдү. Маалыматтарга караганда, аталган базардагы “Кыздын себи” ишканасында жасалган жууркан-төшөктөр, кийим тигүүчү машиналар күйүп кеткен. Өрттөн келип чыккан материалдык чыгым такталууда" деп билдирет Талас облустук өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков.