Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач (Шаты, Берекет көчөлөрү) конушунда, Чүй чоң көчөсүндөгү №259, 209, 261, 257, Токтогул көчөсүндөгү №250, 248, Бейшеналиева көчөсүндөгү №19, Токтоналиев көчөсүндөгү №58-көп кабаттуу үйлөрдүн үй ичиндеги тармактардын жана №2801, 308, 238, 400-трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мындан сырткары Матросов, Бектенов, Скрябин, Ахунбаев, Кара-Дарыя, Медеров, Элебаев көчөлөрүнө, Ак-Буура, Ясенский тар көчөлөрүнө, Жамгырчиев, Месарош, Шиш-Төбө, Матыев, Түрк, Гагарин, Некрасов жана Барабинский тар көчөсүнө “акылдуу” эсептегичтерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ал эми 13:00дөн 17:00гө чейин Осмонкул, Сүйүнбаев, Сыдыков, Чүй көчөлөрүндө, ошондой эле Чүй чоң көчөсүндөгү №115, 117, 119-көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы өчүрүлүшү ыктымал.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Кашка-Суу, Малиновка, Аламүдүн (Чушуев, Алматы, Панфилов, Горький, Чернышевский, Гоголь, Кавказский Тупик, Набережная, Школьная, Логвиненко көчөлөрү), Ленинское (Восточная, Коммунарская, Южная, Алматы, Виноградная көчөлөрү), Мыкан, Кайырма (түндүк бөлүгү) айылдарында, ошондой эле Кырман, Учкун, Хикмет конуштарында, Москва районуна караштуу Төлөк, Ак-Суу, Крупская атындагы Винсовхоз айылдарында, Жайыл районуна караштуу Сосновка айылында (Ленин, Токтогул, Абдыжапар көчөлөрү, Талды-Булак капчыгайы) жарык өчүшү мүмкүн.
Саат 09:00дөн 15:00гө чейин Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айылында “Лебединовка”, “25-лет Киргизии”, “Кашка-Суу”, “Главная”, “Төлөк” , “Керамзитовая”, “Сосновка” көмөк чордонунан, ГЭС-2ден тараган 10/6 кВт электр чубалгылары оңдолот.