Исфана шаарында көчөлөрдү бириктирген, жөө адамдар өтүүчү, узундугу 32 метр, туурасы 1,2 метр көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаңы курулган көпүрө 700дөн ашуун кожолуктун, мектеп окуучуларынын каттамын үзгүлтүксүз камсыз кылат. Маалым болгондой, көпүрө Исфана шаардык мэриясынан КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрине жолдогон кайрылуусунун негизинде курулду. Баткен облусунун Исфана шаарындагы Түп Садда жана Дадасян көчөлөрүнүн жашоочулары Исфана-Сай сел сайынан өтүүсү оор болуп жаткандыктан, жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруп берүүнү өтүнүшкөн болчу.
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аймактык департаменти “Кутман-Курулуш” ЖЧКсы аркылуу курулуш жумуштарын 2014-жылдын октябрь айында баштаган.