Ош шаардык мэриясында бүгүн, 25-ноябрда желим таштандыларды чогултуучу контейнерлер 12 орто мектепке өткөрүлүп берилди. Тапшырылган контейнерлерде чогулган желим таштандылар Бишкектеги кайра иштетүүчү ишканаларга жиберилмекчи.
"Бул долбоор Ош шаарынын 3000 жылдык тарыхында биринчи жолу жүзөгө ашырылып отурат. Анын натыйжасында шаарды желим таштандылардан арылтууга болот деген үмүттөбүз. Мындан сырткары мындай жаңы долбоорго муниципалдык ишканалар да тартылууда. Мисалы, "Жашылдандыруу" чарба комбинаты, "Тазалык" ишканасы долбоорду ишке ашырып жаткан тарап менен биргеликте иш алып барышууда",- деди Абдырахман уулу.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, мектеп директорлору, аймактык кеңештин төрагалары катышышты. Долбоор ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Ош шаардык мэриясы жана жеке демилгечи топтордун аракети астында ишке ашууда. Бир айдын ичинде өз натыйжасын берсе, шаардын башка орто мектептерине да коюлмакчы.