Чаткалда 71 метрлик "Чанач" жаңы көпүрөсү курулду (фото)

2014-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Коргон-Сай айылындагы Чаткал дарыясынан өтүүчү “Чанач” ички чарбалык көпүрөсү калыбына келтирилип, жергиликтүү калктын үлүш жерлерине жана кыштоолорго өтүүсүнө шарт түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аймактык департаменти “Чанач” көпүрөсүн калыбына келтирүү жумуштары “Таш-Көмүр ШСУ” ЖЧКсы аркылуу 2014-жылдын июль айында башталган. Көпүрөнүн узундугу 71 метр, туурасы 6 метр, 6 таянычы менен 2014-жылдын ноябрь айында бүткөрүлүп, Каныш-Кыя айыл аймагына өткөрүлүп берилди.

Айта кетсек, 1972-жылы Чаткал дарыясынан өтүүчү “Чанач” ички чарбалык көпүрөсүн кармап туруучу тросс 2011-2012-жылдары кыш оор болгондуктан (калыңдыгы 1,5 - 2 метрге чейинки кар) үзүлүп кеткен. Ошого байланыштуу көпүрө жараксыз абалга келген. Аталган көпүрө менен жергиликтүү калк 6 кыштоого каттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altynaiB
2014-11-25 18:45:28
Эн жакшы онолот деген ушул да. Жакшылыктын башаты болсун.
+5
tolkun85
2014-11-25 19:30:31
жакшы сооп иш кылдынар рахмат!!!
+2
Beka90
2014-11-25 19:36:08
Ошондо томолок карагайдын устундо журобу машина?
0
33SUUN
2014-11-25 19:55:48
Копуронун аты жакты.Оштогу курулуп жаткан копурого да ат коюп беришсе жакшы болот эле Чаткалдыктар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан