Коргоо министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 25-ноябрда коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин жетекчилиги астында 2014-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылды. Анын жүрүшүндө министр, Куралдуу күчтөрдүн 2014-жылга белгиленген планына ылайык, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин иши Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, коомдун жана жарандардын конституциялык абалын коргоодо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууда Куралдуу күчтөрдүн потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталгандыгын белгиледи.
“Ар бирибиз өз ордубузда дилгирлик менен иштешибиз керек. Мезгилдин талабы өзгөрүүдө. Биздин иш ачык жана айкын болуш керек. Албетте, алдыда көп изденүү менен аткарыла турган иштерден баштап, санаториялык-курорттук дарыланууга чейинки биз аткарууга тийиш болгон көп иштер күтүп жатат”,- деди Абибилла Кудайбердиев.
Иш-чаранын соңунда Коргоо министри чогулуштун катышуучуларына натыйжалуу иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматына ийгилик каалап, 2015-жылга милдеттерди белгиледи.