Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Улуттук университетте “Манас” эпосун изилдөөдөгү казак окумуштууларынын ролу” темасында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты кыргыз жана казак элдерин “Манас” дастанында чагылдырылган окуялар менен тааныштыруу, казак окумуштууларынын “Манас” эпосун изилдөө жаатында кошкон салымын белгилөө болуп саналат.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, депутаттар Гүлнара Жамгырчиева, Майрамкүл Тиленчиева, Бахадыр Сулейманов, Кыргызстандын элчиси Эсенгул Өмүралиев, Манас таануу институтунун директору Топчубек Тургуналиев, эки өлкөнүн дагы башка бир катар белгилүү коомдук ишмерлери менен окумуштуулары катышты.
Эл аралык иш-чаранын демилгечилеринин бири Каныбек Иманалиевдин пикиринде, кыргыз элинин жалпы дүйнөлүк деңгээлде кошкон 3 салымы бар. "Алар: “Манас” дастаны, Чыңгыз Айтматов, Саякбай Каралаев. Үчөөнө тең түздөн-түз тиешеси бар дүйнөдө бир эле адам бар: ал – Мухтар Ауэзов. Анын Манас таануу илиминде өзгөчө 3 жагдайы бар, ошону дагы терең иликтеш керек. Биринчиден, Саякбай атаны жаздырып калды. Экинчиден, ал “Манас” жомок эмес, реалдуу кырдаал деп, 847-жылкы Улуу кыргыз каганатындагы окуя менен “Чоң казатты” салыштырган. Үчүнчүдөн, Мухтар Ауэзов “Манастагы” жазуулар менен Орхон-Эне-Сай жазууларын салыштырып, бул жагынан да көсөмдүк кылган",- деди ал.