2014-жылдын 26-ноябрында абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суукка чейин, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай аба ырайы кыштоодо малды кармоону, унаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.