Баткен облусунун элинин жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан жер титирөөдөн жабыр тарткан Ысык-Көл облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам уюштурулду. Бул үчүн облуска 2 оор жүк ташуучу унаага жүктөлгөн курулуш материалдары жиберилди. Мындан ары да колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында акча топтоо иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан маалымдашты.