Жалал-Абадда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өтөт

Жалал-Абад шаарынын аймагында Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү боюнча 2014-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык жарыяланган. Иш-чаранын алкагында «ВИЧ/СПИДден сактаналы!» аттуу акцияны келе жаткан 1-декабрь күнү борбордук «Эркиндик» аянтында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Акциянын жүрүшүндө окуучулар менен студенттер тарабынан даярдалган атайын шоу-программа жана оору тууралуу викторина орун алат. 
«Уюштуруучулар тарабынан «Эркиндик» аянтын иш-чарага ылайык жасалгалоо иштери да көрүлөт. Мисалы, флагштокторду орнотуу жана тематикага ылайык баннерлерди илүү аракеттери жүрүүдө»,- деп билдирди Жалал-Абад шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Турдалы Темирбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан