12-февралда Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде “Салам, Нью-Йорк!” тасмасынын бет ачар аземи болот. Бул тууралуу тасманын режиссёру Руслан Акун билдирди. Анын айтымында, бул тасма чыныгы жашоодон алынып, анда көр оокаттын айынан АКШга барган кыргыз жигитинин тагдыры чагылдырылат. “Кыргыз баланы АКШга тууганы "жакшы жумуш таап берем" деп чакырат. Бирок ал жерге барганда баягы жумуш таап берчү тууганы жигитти Нью-Йоркко таштап, өзү башка жакка кетип калат. Ошентип кыргыз жигитинин жаңы, бирок кыйын жашоосу башталат”,- дейт Руслан Акун.