Ырчы Мажиттин “Жалгыз сен” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты. Клипти режиссёр Бек Жумакадыров тартып, башкы каармандардын ролун ырчы өзү жана модель Алима Досманбетова аткарган. Сценарийи эки жаштын ортосундагы сүйүүнү чагылдырат. Ал эми ырдын сөзү Шахназар Бөрүкуловго, обону Мирлан Ниязовго таандык.