Тууганы тарабынан сабалган 2 жаштагы бала 4 күндөн бери өз алдынча дем алып жатат, бирок өзүнө келе элек

Борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасында жаткан баланын абалы ошол эле бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий билдирди.
"Жума күндөн бери бала өз алдынча дем ала баштады, бул да болсо жылыш. Андан башка анын абалында олуттуу өзгөрүү жок. Учурда аны мээнин комасынан чыгаруу үчүн бардык аракеттер жасалууда",- дейт А.Кагарлицкий. 
Эске салсак, 10-январдан 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Бала 11-январдан бери комада жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
abdamitoff
2015-01-19 11:14:00
Бутуна туруп кетуун учун Жараткандын ар бир куну дуба кылабыз, Ибрагим. Иншаллах, бутуна туруп кетесин!
+3
tynara1983
2015-01-19 11:32:25
Байкуш Ибрагим жакшы болуп кетсин, кудайым куч кубат берсин!
+3
Dadasdasd
2015-01-19 11:34:08
Кудайым ден соолугун берсин.
+3
murat88
2015-01-19 11:36:42
Бирооно зар бирооно кор дуйно
+1
Deesmond
2015-01-19 12:01:39
2 жаштагы балага кантип колу барды экен???
0
Aysuluuwa
2015-01-19 13:45:29
Аллах жалынып суранам айыгып кетсинчи
+2
Bakulya79
2015-01-19 13:48:57
Байкуш бала эчтекени билбей жатат.сага жамандык кылган киши омур бою кор болуп отсун.
+2
uulay
2015-01-19 15:46:40
Кудай озун кереметинди коргозо кор! Мээнин 4-даражадагы комасы бул ото олуттуу. Алла озун шыпаанды бер!
+1
Arlenchik
2015-01-19 19:13:44
Айбандар ушул кичинекей алсыз баладан кучун чыгарыштыбы акмактар,эртерээк айыгып кетсин байкуш бала.
+1
Mali-Guli
2015-01-19 20:09:06
Ибрагим жакшы болуп кет, кудайым шыпаасын берсин! аман бол
+1
bolot00
2015-01-19 20:09:11
эртерек айгып кесе екен оокудайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан