Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда эстрадалык-симфониялык оркестр түзүлдү.
Бул тууралуу аталган филармониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин SUPER.KG порталына бүгүн, 22-январда билдирди.
Маалым болгондой, жаңы түзүлгөн оркестр филармониянын 42 музыкантынан куралды. Улан Зайнидин белгилегендей, оркестрдин аталышы кандай болору азырынча белгисиз.