Бүгүн, 7-февралда "Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сотто ЖКнын депутаты Жылдыз Жолдошова 3-октябрдагы митингде "аткыла" деген буйрук болгонун айтты. Жолдошова: “Камерага түшүп калган видеокадрларда кимдир бирөө "аткыла" деген буйрук берип турду, 3 аскер мээлеп жатты. Буйрук берген адамдын ким экендигин бүгүнкү күнгө чейин эч ким териштире элек”,- деди. Депутаттын айтымында, аскерлер биринчи болуп ок чыгарганын кошумчалады.