Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектеги көп кабаттуу турак жайлардын биринде батирдин балконунан өрт чыккан. Бул тууралуу жарандык активист Бекмамат Нурмаматов өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына видео жарыялады.
Анын айтымында, ал коңшу үйдөн өрт чыгып жатканын терезеден көрүп, дароо окуя болгон жерге чуркап барган. Кире бериштин эшиги ачылбай калганда аны күч менен ачып, керектүү батирди таап кирген.
Батирде тургундар уктап жаткан. Нурмаматов аларды ойготуп, балкондогу күйүп жаткан төшөктү өчүргөн. Ал үйдүн ичинде жана балкондо тамеки тартпоо керектигин эскертип, өрт коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды.