Баткендеги “Кулунду” чек ара бекетинин кызматкерлерин 20дай адам коркутуп, Тажикстанга күйүүчү май алып өтмөкчү болушкан

5-февралда 20дай адам Лейлек районундагы “Кулунду” чек ара бекетинин кызматкерлерин коркутуп, аткезчилик жолу менен алынып бара жаткан 200 литр күйүүчү майды чек арадан Тажикстанга алып өтүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Окуяда чек ара кызматкерлери абага ок атууга аргасыз болушкан. Ок атылган соң аталган жарандар качып кетишкен. Учурда окуяны иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан