Америкалык рэп ырчысы Снуп Догг АКШнын Калифорния штатынын Лонг-Бич шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэльвин Кордозар Броадус (кичүүсү). Бул таланттуу рэперди апасы бала кезинде анын көз карашынан, мүнөзүнөн, чачынын тармалдашып турганынан улам америкалык мультфильмдеги каарман күчүккө окшоштуруп, тамашалап анын атынан Снуп Догги Догг деп атап койгон. "Snoopy" деген сөздү англис тилинен которгондо "изине түшүү", "артынан түшүү" деген маанини берет.