19- Апрель 1987 -жылы Орусиялык теннисчи Мария Шарапова туулган
Орусиялык теннисчи Мария Шарапова Сибирдин Нягань шаарында төрөлгөн. Теннис менен машыгууну 4 жарым жашында атасы Юрийдин кол астында ойноодон баштаган. Кызынын тенниске кызыкканын байкаган атасы Юрий атайын машыктыруучу Юрий Юдкинге тапшырат. Юрий Юдкинде бир жылдай машыгып, теннистин сырларын билип калган Маша алты жаш курагында Москва шаарында улуу теннисчи Мартина Навратилова менен бирге теннис ойноого чыгат. Жаш өспүрүм кыздын жөндөмдүүлүгүн байкаган Мартина атасы Юрийге кызын тез арада Америкада жайгашкан Ник Боллетьеринин теннис академиясына тапшыртуусун өтүнгөн. Мариянын теннистеги талантын өрчүтүүнү көздөгөн Юрий улуу спортчунун кеңеши менен Америкага кетүүнү чечкен. Америкага барууга Орусия теннис федерациясы чоң салымын кошкон. Мария үчүн мыкты машыктыруучу издеп жүргөн атасы Юрий белгилүү Пит Сампарс, Линдсей Девенпорт, Трейси Остин аттуу спортчуларды даярдаган тажрыйбалуу Роберт Ленсдорпко токтолгон. 
Мария Шарапова 2001-жылы профессионалдык тенниске өткөн. 2002-жылы Мария 3 титулдун ээси болуп калат. Мария Шарапова өз күчүн чоң мелдештерде сыноого даярдана баштаган. 
Январь айында беттешүүлөр үчүн квалификациядан өтүп, февраль айында WTAнын рейтинги боюнча 153-орунга ээ болот. Ушундай ийгиликтер коштоп жүргөн Мария Бирмингемде болгон беттеште теннистин үч жылдыздарын кулаткан. Наталия Деши, Мари-Гаяне Микелян жана Елена Дементьеваларды жеңген Мария Уимблдон турниринин уюштуруучулары тарабынан чакыруу алган. Уимблдон турниринде ийгиликтүү ойногон Мария он алты белгилүү теннисчи кыздардын катарына кошулат. Чоң кубанычка Мария WTAнын эки ири мелдешин жеңип, рейтингден 32-орунга татыктуу болгондо жеткен. Он алты жаштагы Мария аялдар теннис ассоцациясынын эң күчтүү жаңы оюнчусуна айланган. Ошондон баштап анын спорттук карьерасы өсүп-өнүгүп отуруп бир топ жеңиштерди багынткан.
2005-жылы Австралия чемпионатында Маша жарым финалга чейин барып, Серена Уильямска утулуп (үчүнчү) коло медалдын жеңүүчүсү болуп, "Орусия Федерациясынын биринчи ракеткасы" деген наамга жетишкен. Орусиянын биринчи ракеткасы болгон Мария Кремлдин кубогу үчүн ойногону Москва шаарына келет. Коомчулук менен журналисттердин бүйүрүн кызыткан Машага пресс-конференция учурунда Шамиль Тарпишев "Орусия кубогун", "Орусиянын эң мыкты теннисчи кызы" жана "Оруия Федерациясынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамдарын ыйгарат. Тилекке каршы, мурдагы оюндарда желкесинен алган жараатына байланыштуу өз мекендештерин кызыктуу оюндар менен канааттандыра албай калат. Биринчи болгон атаандашы Янна-Лене Гренефельдди жеңип, экинчи оюнда каршылашы Динара Сафинага катарынан үч сетти тең уттуруп жиберет. Жогоруда алган жараатына байланыштуу күйөрмандары бир нече турнирлерди Машасыз өткөрүшкөн. 2006-жылдын 10-сентябрында Мария бүткүл күйөрмандарын кубантып "Чоң Шлем" турниринин жеңүүчүсү болгон. 
Ошентип Мария Шарапова укмуштуудай ийгиликтерди багындырып, теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген төрт мелдешин (Франциянын ачык чемпиондугу, Австралиянын ачык чемпиондугу, АКШнын ачык чемпиондугу жана Уимблдон мелдеши) бирден уткан, Айымдардын теннис ассоциациясынын жыл жыйынтыктоочу мелдешин жекеликте утуп алган (2004-жылы) жана "Лондон-2012" олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.
Мария Шарапова 2001-жылдан бери профессионалдык теннисте 32 миллион 730 миң 228 доллар иштеп тапкан.
Мария Шарапова теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдеште тең жеңишке жетишкен. Ал 2004-жылы Уимблдон мелдешин, 2006-жылы АКШнын Ачык биринчилигин, 2008-жылы Австралиянын Ачык биринчилигин, 2012- жана 2014-жылы Франциянын Ачык чемпиондугун утуп алган. "Лондон-2012" Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.
2016-жылы спортчунун карьерасында чоң бурулуш болду. Мартта анын допинг тесттин жыйынтыгында мельдоний препаратын колдонгону аныкталды. Бул окуяга байланыштуу спортчу менен "Nike" компаниясы жана унаа чыгарып келген "Porsche" компаниясы келишимди бузган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан