Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Мамлекеттик баңгизатты көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 50 килограмм маңзат менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.
"Маңзатты Тажикстан, Орусияга жөнөтүү менен алектенип келген Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын иликтөө иштеринин жетекчиси жана анын тууганы кармалды. Бул баңгизат ташуу каналын жабуу боюнча иликтөө иштери 2014-жылдын ноябрь айынан бери жүрүп келген. Өткөн жылдын 15-ноябрында баңгизат ташуу менен алектенген ушул топтун 2 мүчөсү кармалган. Алар Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын Э.Т., Х.М. аттуу кызматкерлери болушкан жана №1-тергөө абагына камакка алынышкан. 6-февраль күнү ушул эле топтун дагы 2 мүчөсү кармалды. Алардын бири Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын иликтөө иштеринин жетекчиси, милициянын майору Б.А. аттуу жаран. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары анын тууганы, Лейлек районунун "Максат" чек ара күзөтүнүн жетекчиси Б.К. кармалды. Учурда аларга кылмыш иши козголуп, камакка алынышты. Мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 50 килограмм баңгизат алынды",- деди Р.Сулайманов.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.