Борбордо тоноо фактысына шектелген 2 жаран кармалды

Борбордо тоноо фактысына шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 44 жаштагы айым кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын 17 жаштагы уулун ур-токмокко алып, уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы 2 жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан