Ысык-Көлдө балык уулаганга кетип дайынсыз болгондорду издөө иштери 2,5 айдан бери натыйжасыз болууда

Ысык-Көлдө өткөн жылдын 28-ноябрында балык уулаганга кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

“Бул жарандар 2,5 айдан бери дайынсыз болууда. Тилекке каршы, аларды издөө иштеринен дале майнап чыга элек. Катуу суукка байланыштуу издөө иштери 15-20 күнгө токтотулган болчу. Учурда аларды издөө иштерине 43 адам тартылган. Алардын ичинде ӨКМнын кызматкерлери, суучулдар, дайынсыз болгон жарандардын туугандары жана жердештери бар”,- дейт А.Бекилов.

Айта кетсек, Чоң-Өрүктү айылынын 48 жаштагы Эмил Ашыров жана 47 жаштагы Ишен Алмабеков аттуу тургундары өткөн жылдын 29-ноябрынан бери изделүүдө. Тилекке каршы, издөө иштеринен натыйжа чыга элек. Эске салсак, буга чейин издөө иштери 2-3 жолу аба ырайына байланыштуу токтотулуп, кайра улантылган болчу. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jigit.paren
2015-02-10 13:10:39
шорун каткырлар колдун тубундо балыктарга жем болуштуго.
0
milan_92
2015-02-10 13:46:04
koldun ichinde akula bolso kerek da
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан