Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик нотариусу жана Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жогорудагы кызматкерлер Ш.С. аттуу жаранга тиешелүү 270 чарчы метр жер тилкесин 413 чарчы метр деп өзгөртүшүп, А.Н. аттуу тургунга мыйзамсыз менчик укугун беришкен. Кийин А.Н. үчүнчү жакка аталган жер тилкесин сатып жиберген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.