Борбордо Улуттук госпиталдын жанынан жансыз табылган ымыркайлардын бири кыз экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10 февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди.
“Ара төрөлгөн эки ымыркайдын өлүмү боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек. Ал кийинки аптада даяр болот. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ымыркайдын бири эркек, экинчиси кыз экени аныкталды. Алар 8 айлык болуп өлүү төрөлүшкөн экен”,- деди О.Казабаев.
Айта кетсек, 5-февраль күнү Улуттук госпиталдан алыс эмес жерден пакеттин ичине салынган 2 ымыркайдын жансыз денелери табылган. Алардын бири эркек болсо, ал эми экинчи ымыркай катуу тоңуп калгандыктан, жынысы аныктала элек болчу.