Орусиядагы “Бишкек түнү” кафесинде болгон атышуу учурунда кыргыз ырчыларынын концерти болуп жаткан

Орусиядагы кыргыздардын атышуусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-февралдан 8-февралга караган түнү Москва шаарындагы “Бишкек түнү” кафесинде болгон. Ошол учурда кафеде 70 адамдын катышуусунда ырчылар Алишер Тоотаев менен Болот Токтобаевдин концерти болуп жаткан. Сырттан кыргыз улутундагы 15 адам кирип, кимдир бирөөнү издешкен. Жарым саат өтпөй кафенин алдында 30-40 адамдын ортосунда уруш чыгып, ок атылган. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Учурда Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан “адам өлтүрүү” жана “ок атуучу куралды мыйзамсыз колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, атышуу криминалдык чыр-чатактардан улам келип чыккан. Кылмыш дүйнөсүндө Чач каймана аты менен белгилүү Э.Мнын кылмыштуу тобунун 15 мүчөсү концерт болуп жаткан кафеге келишип, 1981-жылы туулган Д.Бнын (Сакал) кылмыштуу тобунун балдарын издешкен. Кийин эки топтун ортосунда атышуу болгону айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Kairatmyn
2015-02-10 14:58:03
Уха ха ха эээ Алла мен ЖУН деп лакап койсом окшойт Ээ Алла мине деген жашоого калдык. Акыр заман жакын калганго ээх кудаай лакапты да красавчигин табышыптыр. Койгула Ээ Абдылда Иманкулов айьмакчы биз кыргыздар кысмайынча онолбой калдыкоо кысыып эле жашайлы кыскан адам Бай болот деген эн туура кеп.
+1
Aidar.001
2015-02-10 15:57:56
мурутту атып кетишиптирби анан орто жолдо?
+1
kiyalbek.82
2015-02-10 16:04:11
Москвада кыргызга кыргыздын эле кучуу жетет башка озбек тажиктерге духу дагы жетпейт ошол сакал жундорун кыркып койот шесть секундда кичине залга барып алышып эле оздорунчо крыласын чыгарышып эле черный болуп алышат молодец жакшы жагынарды корсотупсунор данк жана дунк
+12
danyshman
2015-02-10 16:15:23
Кысталактын чычымдары Орусияга барып алып,оздорунчо Батукаев болушкан го.Шымынын аласын кысып чет жерде жон эле тынч журушбойбу десен.Эми эмне болду бироонун баласын олтуруп коюшуп.
+2
biyke_kg
2015-02-10 16:25:01
Тим эле биринен отуп бири кыйын болушат, оздорунчо талпа болуп, ботон элде ботон жерде жон журсочу ушулар
+1
ALIK-BRO
2015-02-10 16:59:41
Атан кору тыныч журбойт ошкойбуз да
0
Begimkyz.
2015-02-10 19:02:23
Тынч эле жүрүшпөйбү десең.
0
kg-zzzzz
2015-02-10 19:29:49
ЧАЧ менен САКАЛдын да куну бутотко ТУК деген поколение чонойсо :-)
+1
meli12
2015-02-10 20:07:29
кыргыздар негизи коро албас бут тосуу ж б толтура айта берсе болгондо да чет жакта. бири бирибизге жолок таяк эмеспиз.кайра жамандык кылгыбыз келип турат турктордон уйронолу тууганчылыкты алар бири бирин таанышпаса деле бир нерсе болсо ичкен ашын кое коюп аябай жардам беришет а кыргыздар жардам бергендин ордуна кайра олтургондон кайра тартышпайт аман эле бололу
0
Dadin2
2015-02-10 21:45:00
meli12,Турктор бириникине бири суу куйган боюнча №1 оорунда турушат.Кыргыздар бири-бирине жардам коп беришет ортодон могуларга окшогон жаш балдар чыгып сассытып жатышатда жанагы Карышкыр дегендин тобуна кирип алышып.
+1
ekaterina
2015-02-10 20:14:14
кыргыздар бирбирин колдоп эле журот.чем башкаларга караганда.жумуш же квартира керек болуп калса тааныбасан да телефондон чалышып таап беришет
+1
Dinki
2015-02-10 22:21:47
Эмне талашты экен бул бандиттер.?
0
nurik2103
2015-02-10 23:49:58
Эмне талашканын оздору деле билишпесе керек булар,
0
nurik2103
2015-02-10 23:49:58
Эмне талашканын оздору деле билишпесе керек булар,
0
ekaterina
2015-02-11 03:49:21
доля талашкандыр
0
myrzayym
2015-02-11 11:47:29
Жүрөк ушүн алган жагылыктан, кулкүлүү кометтер жазылыптыр го... Боорум эзилип калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан