Борбор калаада "бойго жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган" деген шек менен мурда сот жообуна тартылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Ак-Бата жаңы конушунан 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз жаран анын 14 жаштагы карындашына карата күч колдонуу менен ыплас, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айткан. Ошондой эле карындашын зордуктоого аракет кылганын билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Таластын тургуну кармалды. Кармалган жаран буга чейин тоноочулук, уурулук, каракчылык боюнча сот жообуна тартылып, учурда жаза өтөөчү мекемеден качып, издөөдө жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 2 айга №1-СИЗОго камакка алынды.