Ошто пара алып жаткан жеринен бала бакчалардын биринин башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-февраль күнү Х.Ш. аттуу шаар тургуну күч органдарына кайрылган. Анда ал Оштогу бала бакчалардын биринин башчысы кызын киргизүү үчүн 5000 сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган сумманы алып жаткан жеринен Д.С. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.