Орусиядагы жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жеткирилген кыргызстандык каза тапты

Орусиядагы жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага оор абалда жеткирилген кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза тапкан жаран 1965-жылы туулган Кара-Суу районунун Насиржан Нурматов аттуу тургуну болгон. Азыркы учурда документтерди толуктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Айта кетсек, жол кырсыгы 5-февраль түнү болгон. Анда Урал унаа жолунун 14-чакырымында жүк ташуучу унаа менен Газель үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 7 адам жабыркап, 5 адам каза болгон. Каза болгондор Кыргызстандын жарандары.

Каза тапкандардын тизмеси:

1979-жылы туулган Акым Маминов;

1959-жылы туулган Бахретдин Шарипов;

1998-жылы туулган Шерали Нажимутдинов;

1995-жылы туулган Көчкөнбай уулу Исломбек;

Исламбек Кусумбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2015-02-10 18:51:29
бир уйбулоо окшойт а БЕЙИШТЕН ОРУН НАСИП КЫЛ АЛЛА!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан