Талас районунда “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Социалдык фонддун кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматкерлер сүйлөшүп алышып, каза тапкан же жок жарандарга пенсия төлөмдөрүн жүргүзүшкөн. Ошондой эле кээ бир жарандар бир айылдан пенсия алышып, кийинки айылдан да алышкан. Учурда бул факты боюнча “алдамчылык” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.