Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 738 миллион метр кубду түзүүдө

10-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 738 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 136 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 141 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 556 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 829 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 10-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 340 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан