Борбор калаада орто эсеп менен 5 миңге жакын сойкулук менен алектенген кыз-келин бар. Ал эми өлкө боюнча булардын саны бир нече эсеге көп. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.
"Милицияда расмий каттоодо 1,5 миңдей сойкулук менен алектенген кыз-келин бар. Алардын арасында сойкулукту күнүмдүк жумушка айланткандар, акча керек болгондо 1 айда 2-3 жолу чыгып иштегендер бар. Ошондой эле "валюталык" деген батирлерде кардарларды кабыл алуучу сойкулар да иштейт. Алардын басымдуу бөлүгүн 18ден 30 жашка чейинкилер түзөт. Сойкуларды иштеткен айымдар (сутенёр) - убагында өздөрү сойкулук менен алектенгендер. Жашы өтүп кеткендиктен, алар бул кесипке жаш кыздарды тартышат. Себеби жаш кыздарга кардарлар тарабынан суроо-талап көп. Бул иш менен алектенген жаш кыздардын басымдуу бөлүгү мындан пайда деле көрбөйт. Себеби сутенёрлор алар тапкан акчанын баарын алышат. Алар иштеген кыздардын курсагын тойгузуп, кийим-кече гана алып берүү менен кутулушат",- дейт А.Илипбеков.
Анын айтымында, күн сайын ар бир сойку аз дегенде 3, орто эсеп менен 6 кардарды тейлейт. Айрымдары мындан да көп кардарларды тейлешет. Алардын кызматтарынын баасы да ар башка. Көчөдө, жол боюнда тургандар интимдик кызматы үчүн саатына 1000 сом алышат. Чакыруулар менен келгендер саатына 2 миңден 3-4 миң сомго чейин, ал эми "валюталык" сойкулар саатына 100 доллардан 1000 долларга чейин алышат.