2014-жылы Ысык-Көл облусунда 173 миңден ашуун өспүрүм катталган, алардын ичинен 284ү ата-энесиз калгандар

2014-жылдын чыгарылган жыйынтыгына ылайык, Ысык-Көл облусунда 18 жашка чейинки 173 576 бала катталган. Алардын ичинен 284ү ата-энесиз калгандар болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аймакта кароосуз калган балдардын ичинен 74ү асыроого алынган. 142 бала камкорчулукка, 67 бала интернаттык мекемелерге, ал эми 1 бала асыроочу үй-бүлөгө берилген. Ошондой эле жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында 26 бала мектепке барбай жүргөнү аныкталган. Алардын арасынан 17 бала кайрадан мектепте окуусун улантышты. 70тей баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү калыбына келтирилди. Андан сырткары аталган аймакта жашоо шарттары оор 312 үй-бүлө катталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан