Бүгүн, 11-февралда Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү мэриянын буйругунун негизинде Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуунун 2015-жылга даярдык мерчемин аткаруу максатында №11-орто мектепте объекттик машыгуу өткөрдү. “Сел кырсыгы катталган учурда №11-орто мектептин башкаруу жана өздүк курамынын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча иш-аракети” деген темада өткөн машыгууда Жалал-Абад шаарына караштуу №11-орто мектебинин башкаруу жана өздүк курамы, Шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызматы, №58-өрткө каршы куткаруу кызматы, "Тез жардам" кызматы, Шаардык муниципалдык автобазасы сел жүргөн мектепте өз милдеттерин аткаруу менен окуучулар менен болгон машыгууга катышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
“Мэриянын буйругунун негизинде жылына 4 мектепте атайын өзгөчө кырдаалдарга каршы машыгууну өткөрүп турабыз. Кийинки машыгуу шаардагы №5-мектепте апрель айында өткөрүлөт. Машыгууну уюштуруунун максаты - ар кандай кырсык болгон кезде адамдарды өзүн коргоого үйрөтүү, аларга жакындан жардам көрсөтүү”,- деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.