Бүгүн, 11-февралда Ош технологиялык университетинин студенттери менен “Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу” темасында жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун казыятынан билдиришти.
Жолугушууга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Шакир Зулимов, Ош облусунун казысынын орун басары Имамаззам ажы Боронов, жергиликтүү аймактык кеңештин төрагасы, УКМКнын жана прокуратуранын Ош шаардык бөлүмдөрүнөн атайын өкүлдөр катышышты.
Жолугушууда милициянын полковниги Ш.Зулимов Кыргызстанда орун алып келген терроризмдин тарыхына токтолуп, студент жаштарды диний агымдарга жамынган күчтөрдүн курмандыгына айланып калбоого чакырып, терс күчтөрдүн адам ресурстарын өзүнө жакындатуунун этаптарын түшүндүрдү. Ал эми казынын орун басары И.Боронов ар түрдүү чакырыктарга азгырылбоонун бирден-бир жолу катары ислам динин туура үйрөнүп, университеттеги окууга кайдыгер карабоого чакырды.
Андан соң Ош шаардык 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Сирияга азгырылган жарандардын акыбалын чагылдырган “Кандуу капкан” аттуу атайын видеотасма көрсөтүлдү. Жолугушуунун соңунда студенттердин суроолоруна тийиштүү жооптор берилди.