Бүгүн, 12-февралда Ош облусунун казысы жана Кара-Суу районунун башкы имамы Сүйүн ажы Калыковдун жетекчилигинде аймактык “Достук” борбордук мечитинде айыл өкмөттөрүнүн башкы имамдарынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
"Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов райондо болуп жаткан ар түрдүү ушак-айыңдарга байланыштуу райондун аймагында жамааттардын тынчтыгын сактоого, тарапкерчиликтин курмандыгы болбоого чакырды. Аны менен бирге ынтымакты бекемдөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул сыяктуу иш-чараларды жүргүзүүгө айыл өкмөттөрүнүн башкы имамдары милдеттендирилди. Мындан сырткары жыйында ким мыйзамды бузса, ал мамлекеттин алдында жоопкерчилигин өзү тартары белгиленди. Жыйын соңунда эртеңки жума күнү да мечиттердеги жергиликтүү жамааттарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү айтылды.