Борбордо жаш балдардын зордук-зомбулукка кабылышына каршы акция өтүүдө

Бүгүн, 12-февралда борбор калаада жаштардын катышуусунда жаш балдарды кордоого каршы багытталган акция өтүүдө. 

Аталган акция акыркы учурларда жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун байма-бай катталышынан улам уюштурулду. Иш-чараны КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык башкармалыгы №98-кесиптик лицейдин студенттери менен биргеликте өткөрүүдө.

"Акциянын негизги максаты - коомчулукту акыркы учурларда жаш балдарды кыйноо фактыларына көңүл бурдуруу. Биз жана лицейдин студенттери жаш балдардын кордолушуна каршыбыз!"- дейт КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрам Мамбетова.

Иш-чарага жалпысынан 80ге жакын адам катышып, балдардын кордолушуна каршылык көрсөткөн ар түрдүү сүрөттөрдү алып чыгышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан