Бишкектин жаштары бир эле жаш балдарга эмес, чоң адамдарга да жасалган зордук-зомбулукка каршы акция өткөрүштү

"Жаш балдардын да, чоң адамдардын да зордук-зомбулук көрүшүнө каршыбыз". Бүгүн, 12-февралда ушундай пикирди карманган жаштардын катышуусунда акция өттү. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, акция атайын Улуттук филармониянын алдында өткөрүлдү, себеби бул жайга жакын жерде окуу жайлар жана мектептер жайгашкан. 
"Бүгүнкү иш-чара КРнын Премьер-министринин протоколдук тапшырмасынын негизинде ушул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында өтүүдө. Бул чакан иш-чара болгондуктан, көпчүлүк "Бул акция натыйжа береби?" деген суроо узатууда. Бирок, менимче, бул иш-чарага катышкан ар бир студент, акцияга күбө болгон шаардыктар бул тууралуу маалыматты жакындарына айтып, теле-радио жана басылмаларга чыкса, анда биз көздөгөн максатыбызга жеттик деп ишенем",- дейт КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык башкармалыгына тийиштүү Калкты ишке орноштуруу көчмө кызматынын башчысы Гүлмира Жакшылыкова.  
"Биз өлкөбүздө жаш балдарга гана эмес, чоңдорго карата жасалган зордук-зомбулуктарга да каршылыгыбызды билдиребиз. Ошол себептен улам бүгүн колдорубузга атайын көк ленталарды байладык. Бул түс - ачык асмандын белгиси. Ачык асмандын алдында жаш балдарыбыз бактылуу балалыкты өткөрүшүнө тилектешпиз. Ал эми мындай кылмыштарды жасаган кылмышкерлер татыктуу жаза алууга тийиш",- дейт акциянын катышуучуларынын бири Виталий Бондарев
"Бул акцияга чыкканбыздын себеби, акыркы жылдары жаш балдардын кордулушу көп катталууда. Биз, жаштар, мындай көрүнүштөргө каршыбыз жана ар дайым каршылык көрсөтүп келебиз. Менин оюмча, мындай акциялар канчалык көп өтсө, бул сыяктуу кылмыштар азаят",- дейт №98-кесиптик лицейдин студенти Заирбек уулу Адис.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Мэри
2015-02-12 23:10:40
Коомдогу терс көрүнүштөргө көз жумуп койбой, жаштардын ушундай иш-аракеттерди кылганы жакшы.Коомду, элди, биз бири-бирибизди тарбиялап, көзөмөлдөшүбүз керек, бир гана укук коргоо органдарына же билим берүү мекемелерине жүктөп койбой.
0
Мэри
2015-02-12 23:21:25
(Кайра эле СССР дооруна кылчайганга туура келүүдө, канча аны чанбайлы, жерибейли...) Мурда коомдук жайларда, транспортто кандайдыр бир терс көрүнүш байкалса, ошол жердегилер сөзсүз эскертүү жасашчу, керек болсо үй-бүлөнүн жашоосуна чейин көңүл буруп, чоң кишиби, кичине балабы, анын жүрүм-турумуна чейин көзөмөл кылышчу.Азыр ошентип акыл айтсаң, кайра өзүңдү сөгүүдөн кайра тартышпайт.Бирок биз (эгер ошондой нерселерди байкап калсак) эскертүү берип, акыл айта беришибиз керек го деп ойлойм...
0
Мэри
2015-02-12 23:27:44
Анткени бирине болбосо, бирине таасир этет да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан