Өлкөдөгү жаш медицина кызматкерлери билимин жогорулатуу максатында Түркиядагы алдынкы медицина мекемелерине окууга жиберилишет. Бул тууралуу 12-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министрлик ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультети менен биргеликте Түркиянын бир катар университеттери менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Оштогу Облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын дарыгери И.Жусупова, Кара-Суу аймактык ооруканасынын "Курманжан датка" филиалынын дарыгери Т.Калыкулов, Медицина борборунун дарыгери О.Муратов, ОшМУнун клиникалык ординатору Г.Осмонова баштаган жаш дарыгерлер 1 жылдык окууга жөнөтүлүшүүдө.
"Акыркы мезгилде Кыргызстан жана Түркия мамлекеттер аралык кызматташтыгы өркүндөп, бир катар тармакта активдүү иштер башталды. Алардын катарында 100 бейтапка акысыз медициналык дарылоо, Бишкек жана Ош шаарларына жаңы заманбап ооруканаларды салуу долбоорлору иштеп жатат",- деп айтылат маалыматта.