Бүгүн, 12-февралда Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен “Кыргызстандагы диний экстремизмдин абалы” деген темада ИИМдин, УКМКнын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана облустук казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда дебаттык талкуу болуп өттү. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, талкуунун жүрүшүндө студент жаштар Сирияга азгырылган жаштардын абалы жана туура диний билимди кайдан алуу керек экендиги боюнча маселелерди көтөрүштү. Бул боюнча ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү жаштарды диний агрессивдүүлүккө үндөп азгырган күчтөрдүн акыбети кандай бүтөрүн камтыган видеотасма көрсөтүшүп, студент жаштардан терс көрүнүштөргө азгырган жагдайлар байкалса анонимдүү билдирип, алдын алуу иштерине жардам кылууларын түшүндүрүштү. Дин өкүлү катары Ош облусунун казысынын орун басары Имамаззам Боронов туура диний билимди муфтият жана казыяттар расмий уруксат берген жайлардан гана алууга чакырды. Ош мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты да жаштарга туура диний билим берүү боюнча окуу жайдын базасында атайын теология факультети жана окуучулар үчүн “Ыйман” лицейи иштеп жаткандыгын билдиришти. Жолугушуунун соңунда студенттерге интернет желелериндеги жалган маалыматтарга азгырылбоо боюнча да эскертилди.