Бүгүн, 12-февралда Жалал-Абад шаарындагы №21-орто мектептин чоң залында "Достук" аймактык башкаруусунун жашоочулары, кварталдык комитеттердин, кондоминиумдардын төрагаларынын катышуусунда шаар мэри Салайдин Авазов жыйын өткөрдү.
Мэриядан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштери болду.
“Өткөн жылдын сентябрь айында сиздер менен жолугушууда бир топ көйгөйлүү маселелер бар экенин угуп, аткарып беребиз дегенбиз. Мына ошол иштердин 81 пайызын быйылкы жылдын бюджетине киргизип, бүткөрөбүз. Андан сырткары "Курманбек" стадионун, Тарсус көчөсүн, Токтогул сейил багын оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Ошондой эле күндө жолдорго суу сээп жуудурганды бюджетке киргизип жатабыз”,- деди С.Авазов.