12-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 677 миллион метр кубду түзүүдө

12-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 677 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 168 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 125 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 520 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 812 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 12-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 251 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан